Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков "Кайыңды-Кант" кант заводуна барып, өндүрүштүк аянттар жана сырьену андан ары иштетүү үчүн кабыл алуу процесси менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Артем Новиков белгилегендей, өкмөт ата мекендик кайра иштетүүчүлөргө жардам берип келген жана ал ишти улантат.
"Өз кезегинде кайра иштетүүчүлөр да дыйкандар өстүрүлгөн продукциясын пайдалуу баада сатып, күтүлгөн пайда табуусуна кам көрүшү керек. Түшүм жыйноо учурунда кызылчанын баасын төмөндөтүүгө жол берилбеши кажет. Жалаң гана өкмөт эмес, кайра иштетүүчүлөр да сырье жана иш менен камсыз кылып жаткан фермерлер жана дыйкандар тууралуу ойлошу керек. Биз мындан ары карай да сиздердин ишмердүүлүккө толук колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдөбүз. Алсак, кол коюлган буйрукка ылайык, темир жол тарифтеринин коюуму 2016-жылдын деңгээлинде орнотулуп, 20% өлчөмдө кошумчаланган", - деген ал.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана башка кызыкдар мамлекеттик органдарга жакынкы арада Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кароосуна тийиштүү сунуштарды даярдап, киргизүүнү тапшырды.