Талант Мамытов шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздоону тапшырды

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана вице-премьер-министр Максат Мамыткановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда чек ара жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чаралары талкууланган.

"Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев республиканын чек ара аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кошуу иш-чаралары боюнча маалымат берди. Коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү иштери улантылып жатканын билдирди. Рыскелди Мусаев шайлоо алдында, укук коргоо органдарына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу боюнча Республикалык штабдын учурдагы жасап жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.

Өлкө аймактарында бир катар көчмө жыйындар өткөрүлгөнүн, жыйынтыгында жергиликтүү бийликтерге жана ишке тартылган мамлекеттик органдарга шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, болуусу мүмкүн деген мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоону уюштуруу, шайлоо учурунда коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү аракеттеринин алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана мерчемделген бардык иш-чараларды өз убагында жүзөгө ашыруу зарылдыгына көңүл бурду.

Талант Мамытов мамлекеттик органдар шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздап, шайлоо мыйзамдары бузулган учурларга өз убагында чара көрүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле, жумушчу жыйындын жүрүшүндө ишкерлерди жана чет элдик инвесторлорду, жарандарды жумуш орундары менен камсыздаган ири ишканаларды коргоо маселелери көтөрүлдү.

Бизнес-коомчулугу жана инвесторлор менен өз ара байланышты күчөтүп, укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерден аларды коргоо жана деструктивдүү элементтердин кысым көрсөтүүлөрүнө жол бербөө зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан