Бишкек шаарында мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 29-ноябрында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кызмат өтөп жатып, болжол менен саат 08:30 чамасында Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өзүн туура эмес абалда алып жүргөн белгисиз жаранды байкашып, аны текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү тапанча жана анын 6 огун мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты Свердлов райондук ИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.