Атасын сагынып кетип калган. Сузакта Чүй облусунда изделип жаткан 11 жаштагы бала табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрь күнү Бишкек шаарынан Ош шаарына келе жаткан айдоочу 11 жаштагы И. аттуу бала адашып калгандыгын жана ага жардам берүүнү суранган. Мындан улам айдоочу баланы Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө калтырып кеткен.

"Сузак РИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, ал Чүй облусунун Москва районунун тургуну 2009-жылы туулган Ж.И. экендиги аныкталган. Ал 27-ноябрь күнү болжол менен саат 13:30дар чамасында үйүнөн чыгып, ошол боюнча кайтып келген эмес. Аны милиция кызматы издеп жаткан. Маалыматтарга ылайык, баланын атасы Ош шаарында жашап жаткандыктан атасын сагынып, Ош шаарына баруу максатында үйүнөн чыгып кеткен. Ал эми 29-ноябрь күнү өспүрүмдүн апасы Д.А. Сузак РИИБине чакырылып, уулу өткөрүлүп берилди.

Өспүрүмдүн апасы өз учурунда милиция кызматкерлерине жасаган жумуштары үчүн ыраазычылыгын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
serche
2020-11-30 12:55:07
Ажырашуулар азайсынчы. Балдар бактылуу жашасын
+10
asyl1998
2020-11-30 13:40:55
Жараткан Тенирим жакшылыктарды гана берсин.
-5
islan_85
2020-12-01 07:08:21
Ажырашуу бул тагдыр
Бирок баланы энеден же атадан жат кылам деген аракеттер чон жанылыштык,баары бир каны тартып турат,сагынат аталарды балага жамандабагыла,кыргыздын акылдуу аялдары
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан