28-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Чалдовар өткөрүү пунктуна барды. Анда ал көзөмөл-өткөрүү жайын карап чыгып, айрым кызматтардын ишине нааразычылыгын билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.
"Ушул убакка чейин даярдалган чаралардын эч бири иштебей жатканына ынандык. Мисалы, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча конкреттүү тапшырма берилген. Бирок жабдуулар орнотула электигин көрүп жатабыз. Бардык техника үкөктөрдө салынган боюнча турат. Бул тиешелүү кызматтардын толук аракетсиздиги. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай. Алар өткөн транспорт каражаттарынын чыныгы санын чагылдырбайт.
Ошол эле учурда маалыматтар так болбогондуктан, өткөн күндөгүлөрдү алуу мүмкүн эмес. Тутумдун иштебей калгандыгынан улам, товарларды эсепке алуунун реалдуу маалыматтары чагылдырылбайт, бул коррупцияны жана тобокелчиликтерди жаратат", - деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Маалыматта жакынкы күндөрү Артём Новиков өткөрүү пунктуна барып, жаңы системдин иштешин текшерээри айтылат.