1993-жылы кабыл алынган Конституцияны калыбына келтирүү демилгеленди

"Комитет-93" кыймылы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияны калыбына келтирүүнү демилгелөөдө. Бул тууралуу аталган кыймыл бүгүн, 30-ноябрда "Конституциялык кризистен чыгуу жолдору" аттуу жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө укуктук туңгуюктан чыгуунун бирден-бир жолу катары легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган алгачкы Баш мыйзамды кайра кайтаруу сунушу айтылды.

Аталган кыймылдын мүчөсү " Алгачкы Баш мыйзам кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн топтор тарабынан эмес, мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн иштелип чыккан", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан