Ош облусунун Өзгөн районунда 8 жашар кыз өз үйүндө асынып алган. SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматы аталган окуянын чоо-жайын айтып берди.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү саат 15:25 чамасында Өзгөн районунун Макаренко айылынын тургуну 8 жашар кыздын асынып каза болгондугу тууралуу 102 номерине кабар берген. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу келип, 27-ноябрь күнү саат 14:30 чамасында 8 жашар кыз белгисиз себептерден улам үйүнүн короосундагы эки кабаттуу мал сарайдын чатырында пресс жип менен асынып алгандыгын аныкташкан.
"Маркум кыз аталган айылдагы мектептин 3-классынын окуучусу эле. Ал классында сабакты жакшы окуган үлгүлүү окуучулардын бири болгон. Окуя болгон күнү онлайн сабакка катышкан эмес. Ал күнү апасы мугалим болгондуктан балдары онлайн сабакка колдонуучу уюлдук телефонунун алып, онлайн конференцияга катышканы мектепке кеткен. Кыз үйүндө 10 жаштагы эжеси жана 5 жаштагы иниси менен калган. Чоң атасы менен атасы жума намазда болушкан. Маркум асынып алган сарайдын чатырына буга чейин 10 жаштагы эжеси малдарына чөп салганы чыгып-түшүп турган. Пресстелген чөптөн чечилип алынган жиптерди сарайдын бир бурчундагы мыкка топтоп илип коюшкан. Кыз асынган жип ошол жиптерден алынгандыгы такталган.
Кошуналардын айтуусунда, маркумдун үй-бүлөсү ошол аймактагы кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдөн болуп саналат. Кыздын жанын кыюусуна телефон жана сыналгы аркылуу көргөн кинотасмалар таасир этип, түрткү бериши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Себеби, маркум буга чейин өз жанын кыйган кинотасмаларды кызыгып кайталап көрө берчү экендигин жакындары билишкен. Окуя болгон күнү ал кыз, кинодогу өзүн-өзү аскан эпизодду туурап жатып жиптен чыга албай калган болушу мүмкүн деп айтышууда. Учурда Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан атайын топ түзүлүп, алар тарабынан окуя боюнча хронометраж жасалып, эмне себептен асынып алгандыгы тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы кырсыкка кабылып, каза болуп калган балдардын ата-энелерине терең кайгыруу менен көнүл айтат. Балдарыңыздарды жалгыз калтырбоону жана сабактарга үзгүлтүксүз катышуусун көзөмөлдөөгө чакырат. Ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып барууну суранат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.