Тайырбек Сарпашев Финполго сурак берип чыкты

Бүгүн, 30-ноябрда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакырылганы маалымдалган. Ал эми Сарпашев сурак берип чыкканын SUPER.KG порталына Финполдун маалымат катчысы Анастасия Пискур билдирди.

Аталган мекеменин маалымат кызматынын өкүлү бул боюнча маалымат эртең толук бериле турганын айтты.

"Тайырбек Сарпашев сурак берип, саат 19:00 чамасында имараттан чыгып кетти", - деди Пискур.

27-ноябрда Финпол тарабынан Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан