Бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарында шаардык кеңештин кезектеги сессиясы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, күн тартибине 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджеттин аткарылуусу боюнча шаар мэринин отчету угулган.
"Мындан тышкары пандемия учурунда шаар калкынын саламаттыгын сактоо жана социалдык коргоо тармагындагы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселелер талкууланды. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов депутаттардын суроолоруна жооп берип, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди", - деп кабарлашты мекемеден.