Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкектин Октябрь районунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрь күнү саат 12:40та Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү Онкология институтунун жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 1973-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.

ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан