Ош облусунун Ноокат районунда уулу атасын кетмен менен башына чаап өлтүргөнгө шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрь күнү, саат 08:30да Ноокат РИИБинин нөөмөт бөлүмчөсүнө, Жаңы-Базар айылдык милицияга Чеч-Дөбө айылынын 31 жаштагы тургуну атасын кетмен менен башына чаап өлтүрүп салгандыгын маалымдаган.
Аталаган билдирүү боюнча алгачкы текшерүү учурунда шектүү өздөрүнүн үйүнүн короосунда атасы 63 жаштагы У.М.ны кетмен менен башка уруп, мал байлоочу жип менен муунтуп өлтүрүп салгандыгы аныкталган. Окуя болгон жерде кетмен жана мал байлоочу жип табылган.
"Маркум М.У.нун жансыз денеси Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген. Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын башында жарылган жаракаттар, моюнунда кызарып көгөргөн издер бар экендиги аныкталган. Окуя факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү үйдө атасы жана апасы менен жашап жүргөндүгү, 5 бир туугандын төртүнчүсү экендиги жана 7-классынан бери психикалык оору менен ооруп, Ош облустук ден-соолукту чыңдоо борборунда дарыланып каттоого алынгандыгы аныкталган",- деп билдирет басма сөз кызматы.