Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина WTA`дин (Айымдар теннис уюмунун) 30-сентябрь күнү жаңыланган рейтингинде 109 упай менен 377-орунду ээледи. Буга чейинки рейтингде Ксения Палкина 384-орунда болчу. Эске салсак, Ксения Палкина сентябрь айында эки мелдешке катышып, бирөөндө мелдештин жалгыздан жана жуптан ойноо бөлүктөрүндө жеңүүчү аталган. Ал эми алдынкы үчтүктө өзгөрүү болгон жок. 1-орунду америкалык Сирена Уильямс, 2-орунду беларусь теннисчиси Виктория Азаренко жана 3-орунду орусиялык Мария Шарапова ээледи.