Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевди Казакстандын биринчи президентинин күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 1-декабрда Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Биринчи президентинин күнү менен куттуктады.

"Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстанда жүргүзүлгөн масштабдуу реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө багытталып, Казакстанга жаркын келечектин жолун ачты. Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы эзелтен бери келе жаткан достук мамилелер ынак коңшулуктун, стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын негизинде мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан