Ноокатта өз атасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну өз атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, адам өлтүрүүгө шектелген жаран 16 жылдан бери психикалык оору менен жабыркап келген жана ал Ош облустук ден соолукту чыңдоо борборунда дарыланып каттоодо турган.

Окуя болгон күнү райондук милицияга Чеч-Дөбө айылынын тургуну үйүндөгү атасын кетмен менен башка чаап өлтүргөнү маалымдалган. Милиция жерине барып, текшерүү учурунда шектүү атасын кетмен менен башына уруп, мал байлаган жип менен муунтуп өлтүргөнү аныкталган.

"Маркумдун жансыз денеси Ноокат аймактык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилип, соттук медициналык экспертизанын эксперттери тарабынан изилдөө жүргүзүлгөн. Окуя боюнча Жазык кодексинин 130-пунктунун "киши өлтүрүү" беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү башталды", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан