Бүгүн, 2-декабрга караган түнү Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы оюндары өттү. Анда 4 тайпадагы 16 команда ойноду.
Оюндун жыйынтыктары: "А" тайпасы: "Локомотив (Орусия) - "Ред Булл Зальцбург" (Австрия) (1:3);
Голдор: Мергим Бериша (28,41-м), Антон Миранчук (79-м), Карим Адейми (81-м).
"Атлетико Мадрид" (Испания) - "Бавария" (Германия) (1:1);
Голдор: Жоау Феликс (26-м), Томас Мюллер (86-м).
"B" тайпасы: "Шахтёр Донецк" (Украина) - "Реал Мадрид" (Испания) (2:0);
Голдор: Дентиньо (57-м), Манор Соломан (82-м).
"Боруссия Менхенгладбах" (Германия) - "Интер" (Италия) (2:3);
Голдор: Маттео Дармиан (17-м), Алассан Плеа (45,75-м), Ромелу Лукаку (64,73-м).
"С" тайпасы: "Порту" (Португалия) - "Манчестер Сити" (Англия) (0:0),
"Марсель" (Франция) - "Олимпиакос" (Греция) (2:1);
Голдор: Мохамед Камара (33-м), Дмитри Пайет (55,75-м).
"D" тайпасы: "Ливерпуль" (Англия) - "Аякс" (Нидерланды) (1:0);
Голдор: Кёртис Жойс (58-м).
"Аталанта" (Италия) - "Митьюлланд" (Дания) (1:1);
Голдор: Александр Шольц (13-м), Кристиан Ромеро (79-м).
Муну менен турнирде фаворит командалардын бири болгон Испаниянын "Реал Мадрид" командасы "Шахтёрдон" эки оюнда тең жеңилип, тайпада үчүнчү орунда келе жатат (7 упай). Акыркы тайпалык оюнда "Реал" өз үйүндө Германиянын "Боруссия Менхенгладбах" командасын кабыл алат. Бул оюнда испаниялык команда сөзсүз жеңишке жетиши керек.