Чүй облусунун Аламүдүн районунда жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. ӨКМнын малыматына ылайык, кырсык кечээ, 1-декабрда катталды.
Анда Курманжан датка көчөсүндө Шевроле үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. "Унаанын ээси (аты-жөнү такталууда) өрттүн кесепетинен жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилди. Учурда өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.