Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын уурдоо фактысы менен С.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы жоопкерчилиги чектелген коом менен Ош шаарындагы Кеңсай турак-жай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин жалпы суммасы 42 миллион 900 миң сомдон ашык акча каражатын которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү жана суммасы 13 миллиондой сомду түздү.
"Ушул жылдын 26-ноябрында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык аталган ЖЧКнын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган. 28-ноябрда Ош шаардык соту тарабынан кармалган адамга карата тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза өтүү чарасы колдонулган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ЖЧКнын кызыкчылыктарын лоббирлөөгө катыштыгы бар кызматкерлер аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтарып берүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.