Клара Сооронкулова: "Жогорку Кеңеш бизди шайлоого жана шайланууга болгон укугубуздан ажыратты"

Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палатанын жыйынында "Реформа" партиясынын кайра шайлоону дайындоодогу мыйзам бузуулар боюнча берген доо арызы каралып жатат.

Анда партиянын лидери, укук коргоочу Клара Сооронкулова доо арызда келтирилген негиздерге токтолду.

"Биздин кайрылуудагы негизги учур ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу деген беренеге тиешелүү. Конституциялык мыйзамдагы шайлоолор жөнүндөгү эки норманын иштешин токтотуу менен мыйзам чыгаруу органы бизди шайлоого жана шайланууга болгон укугубуздан ажыратты. Шайлоо жөнүндөгү норманын иштешин токтотуу Конституциялык реформа жүргүзүү керек болгондугу менен негизделет.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мыйзамга ылайык, БШК кайра шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына белгилеген. Ал шайлоо өтсө шайлоо процесси аягына чыгып, өлкөдөгү бийлик легитимдүү жолго түшмөк", - дейт Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан