Унаанын артынан жөө кууп... Кайгуул кызматкеринин жол тандабасты токтотуу үчүн көргөн аракеттери видеого тартылып тарады

Бишкекте жол тандабастын айдоочусун токтотууга аракет жасаган Патрулдук милициянын иш-аракети талкуу жаратты. Тагыраагы, кызматкердин унаанын артынан жөө кууп бара жаткандагы видеосу тарады. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан окуя кечээ, 1-декабрда саат 15:30 чамасында катталганын кабарлашты.

"Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен Патрулдук милициянын кызматкерлери уруксат берилбеген жерде токтоп турган унааны көрүшкөн. Унаанын документин текшерүү учурунда айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыккан. Бул учурда айдоочу өзүнүн агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, Патрулдук милициянын айтканына моюн сунбай, кызматкерди сүзүп, качып кетүүгө аракет жасаган. Көп өтпөй кайгуул кызматкерлер айдоочунун артынан кууп, кармашкан.

Азыркы учурда айдоочуга карата чара көрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bessmertiy
2020-12-02 11:44:54
Балонго атып айненин талкалап туруп айдоочуну сууруп чыгыш керек эле. Керек болсо айдоочуну атып салыш керек.
+14
Farkhat07.05.89
2020-12-02 12:33:24
bessmertiy,шаардын ичинен ок атуу коопту болот.Башка жарандар жаракат алып калышы мумкун.Бирок айдоочуну атып салыш керек дегенге жарып процент кошулам
+17
SHMIT
2020-12-03 09:26:17
Корбогондун коргону курсун.европалыктардан калган машинага ушунчалык мактанабыз.адамдан ойдо коруп калдык.машинага амал кылбагыла ал темир .адамды урматтого сыйлоого кичи пейилдике амал кылгыла!эээй бир туугандар!бизди 2метр жер 24саат кутуп турат.ойлонолу эртеби кечби ошол жерге жакшы сыпатыбыз менен барган насип этсин.байлыгын калат байпагында калат.Кыргыз илгертеден бирин бири сыйлап келген калк.
+12
temirov76
2020-12-03 09:49:22
SHMIT,эң туура,100пайыз колдойм.
+6
alym21
2020-12-03 09:33:10
Чычкак,качып кайда барат элен
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан