Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палатанын жыйынында "Реформа" партиясынын кайра шайлоону дайындоодогу мыйзам бузуулар боюнча берген доо арызы каралды.
Анда партия лидери Клара Сооронкулова кайрылуудагы негизги эки учурду белгилеп өттү.
Биринчиси, 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын эки беренесинин күчүн токтотуп коюу жөнүндө Конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы ага карама-каршы келет деген жүйө экени белгиленди.
"Бул эмне болгон беренелер? бул ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу деген берене. Мыйзам чыгаруу органы бизди ал укуктан ажыратты. Октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылгандан кийин, кайра шайлоо белгиленип, анын бардык катышуучулары кайрадан шайлоого катышуу укугуна ээ болуу керек эле" , - дейт Сооронкулова.
Экинчиси, Конституциялык мыйзамдын жаңы долбоору бир эле күндө демилгеленип, ошол эле күндө бардык фракцияларда, комитеттерде талкууланганы жана ошондой эле үч окуудан кабыл алынып туруп, бир күндө президент тарабынан кол коюлганы боюнча экени белгиленди.
"Президентте мыйзамды карап чыгуу үчүн бир ай бар. Бирок ал мыйзам долбоорун бир күндө карап, кол койгон" , - деди Сооронкулова.
Конституциялык палата доо арыз берген тараптын келтирген жүйөлөрүн уккандан кийин, чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө кирип кетти.