Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференциясына катышат

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 2-декабрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиргендей, уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу, Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана уставдык органдарынын сессияларынын чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү, ага мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун мындан ары бекемдөө маселелери талкууланат.

Иш-чарага Александр Лукашенконун, Касым-Жомарт Токаевдин, Владимир Путиндин, Эмомали Рахмондун, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жана ЖККУнун башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан