Башкы прокуратура Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан «Ынтымак» сейил багынын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Билдирүүгө ылайык, сейил бактын курулушуна сарпталган 90 миллион сомдон ашык бюджеттик акча каражаты текшерилип, төмөндөгү мыйзам бузуулар аныкталган.
"Сейил бактын курулуш иштери Бишкек шаардык мэриясы тарабынан тийиштүү долбоордук-сметалык иш-кагаздары жок жүргүзүлгөн, ошондой эле инерттүү курулуш материалдарынын, айрым аткарылган иштеринин көлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылган. Коомдук объектилердин курулуш иштери, мамлекеттик сатып алуу процедураларын жүргүзбөстөн жана тиешелүү лицензиясы жок жаран менен мыйзамсыз келишим түзүү аркылуу жүргүзүлгөн", - деп жазылат билдирүүдө.
Мындан сырткары, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген конкурстун катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишимдер түзүлүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Бул иш боюнча жазык кодексинин 23-беренеси менен реестрге катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.