Дастан Бекешев Садыр Жапаров менен жолукту

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бекешевдин айтымында, жолугушууда конституциялык реформалар тууралуу сөз болгон.

"Садыр Жапаров менен маектештим. Дароо айтам, эч кандай колдоо жана кызмат орун сураган жокмун. Мамлекетти башкаруу формасын жана Конституциялык реформалар тууралуу талкуу кылдык. Мен ал колдобогон, парламенттик башкаруу формасын колдодум", - деп жазган депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан