Бишкекте мыйзамсыз баңгизатын алып жүрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери 2-декабрда түнкү саат 4:30 чамасында Бишкектеги Осмонкул жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузгандыгы үчүн Хонда-Фит үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын айдоочусу жана жүргүнчүдөн эки куту (жашыл түстөгү, атайын жыты бар зат) баңгизаты табылган.
"Мыйзамсыз баңгизатын алып жүрүүгө шектелип, 1996-жылы И.Э. (айдоочу) жана А.Т. (жүргүнчү) кармалып, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 268-берененин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп жазылат маалыматта.