Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча алууга шектелип "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, шектүү учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын директору М.А.Т.нын жергиликтүү бөлүмдөрдүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча жыйноого тиешеси бар экендиги аныкталды. Топтолгон материалдардын негизинде 2-декабрда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө уланууда.