Ош-Ноокат унаа жолунда үч автоунаа сүзүшүп, эки адам каза тапты

Бүгүн, 3-декабрда Ош-Ноокат жолунда үч автоунаа сүзүшүп, натыйжада беш жүргүнчү жабыркап, эки адам каза болду.

Маалым болгондой, кырсык Ош шаарынан Ноокат районуна чыга бериш жеринде катталган.

"Ош-Ноокат жолунда карама-каршы келе жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан. Ошондой эле Нексия үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай тоонун боорун сүзүп токтогон. Окуя болгон жерде эки адам каза болгон. Өздүгү аныктала элек кебетеси азиялык болгон жашы 25-35 жаштардагы атуул жана Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу Ноокат районунун 25 жаштагы тургуну К.уулу.Т. окуя болгон жерде каза болушкан", - деп жазылат маалыматта.

Президенттикке талапкерлердин саны суюлууда, кол топтогондор жана жарыштан четке чыккандар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Oma.kg.kg
2020-12-03 15:43:25
Абайлап акырын айдагылачы туугандар шашпагылачы
+1
nazira...
2020-12-03 19:11:49
Тескери рульду айдагандан корком да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан