Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров маалымат каражаттары туура эмес маалыматтарды таратып жатканын айтты.
"Президенттик шайлоо 10-январга белгиленди. Бирок ушул күндө социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында каралоо ашыкча болуп кетти. Карасак адамдын өмүрүнө коркунуч келтире турган чакырык болуп жатат. Тартипке чакырып койбосок болбойт. Кээ бир сайттар эртең жоопкерчилик жок экен деп каалагандай фейк материалдарды чыгарышууда. "Курманбек Дыйканбаев Зулпукаровго каршы көрсөтмө берди" деп жалган маалыматтарды таратып жатышат. Мен өзүм жөнүндө айткан жокмун, биз көнүп калганбыз. Бирок мамлекет башчысын тандоодо талапкерлердин арасында туура эмес жалган маалыматтарды ооздуктап, жолго салуу керек. Жалган маалымат тарата берген болсо сөз эркиндигине зыян болот", - деди ал.