Ысык-Көлдө кызмат адамына 250 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом пара сунуштап, аны берип жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдирди.

"1-декабрда Ысык-Көл облусу Финполдун Ысык-Көл облусу боюнча кызматкерлери 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жатканда кылмыш үстүнөн Т.А. деген жаранды кармашты. Т.А. кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, кызмат адамына ири өлчөмдөгү пара сунуш кылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары жазык кодексинин 328-беренеси (пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2020-12-03 12:26:03
Кармагыла мындайлар толтура
0
Kuban-1207
2020-12-03 12:26:58
Ооруканалардагы корупцияны токтотуш керек
0
Aimani
2020-12-03 13:18:54
Сүйлөшүп туруп берип жатса керек да. Алып жаткан адам подстава кылган го
+3
bessmertiy
2020-12-03 13:28:55
Аз берип койсо керек да, ошого нааразы болуп карматып койду. Көбүрөөк болсо унчукпай алып алмак.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан