Буга чейин президенттик шайлоого талапкер болгон Базарбай Темишов шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 3-декабрда Кыргыз Республикасынын жараны Базарбай Темишов БШКга 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды", - деп билдиришти БШКдан.