Президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев шайлоочулардан керектелген 30 миң кол топтоп БШКга тапшырышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Берилген мөөнөт бүгүн түнкү саат 23:59да аяктайт. Ошого чейин талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден ашык эмес кол чогултуусу зарыл. Учурда 2 талапкердин чогулткан колдору кабыл алынды. Учурда дагы бир талапкер Аймен Касеновдун колдочууларынан чогулткан кол тамгалары текшерилип, кабыл алынып жатат" , - дейт БШКнын басма сөз кызматкери.