Нарын облусунда "Унаа" мамлекеттик ишканасынын аймактык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 2-декабрда Нарын аймактык "Унаа" мамлекеттик ишканасынын К.Ч.О. аттуу кызматкери колго түшүрүлгөн. Кармалган адам аталган жайдын башка кызматкерлери менен биргеликте айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменден ийгиликтүү өтүүнү каалагандардан акча алып келгени маалым болгон.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.