"Апамсыз өтүп жатат... ". Ырчы Неля бүгүн 37 жашка толду

Мыкты жар, мыкты эне болуу менен чыгармачылыкты дагы бирдей алып келе жаткан ырчы Неля бүгүн, 3-декабрда 37 жашка толду. Ал социалдык тармактагы баракчасына "биринчи жолу апамсыз өтүп жатат" деген билдирүү калтырды.

"Туулган күнүм алгачкы жолу апамсыз өтүп жатат..., апам мени куттуктабайт... Төрөп, тарбиялап, акыл-кеңештерин берген адамдын эми жаныңда болбой турганын кабыл алуу ушунчалык оор. Жан дүйнөм ооруп, кайгы жана өкүнүч бар. Апаңардын көзү тирүүсүндө сүйгүлө, барктагыла, баалагыла...", - деп жазган ал.

Неля айымдын апасы ушул жылдын 15-ноябрында пневмониядан улам дүйнө салган.

Ырчы “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча "2006, 2008-жылдардын супер ырчы айымы” наамдарынын ээси болгон. Ал сахнага "Жалган", "Жок, жок", "Балалыгым" аттуу ырлары менен кадам таштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан