Дагы 2 талапкер президенттик шайлоого аттануудан баш тартты

Дагы 2 талапкер президенттик шайлоого аттануудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бүгүн, 3-декабрда Кыргыз Республикасынын жараны Акжолтой Тукунов жана Арсланбек Малиевдер БШКга 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышты", - деп билдиришти БШКдан.

Буга чейин дагы бир талапкер Базарбай Темишов шайлоого катышуудан баш тарткандыгы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан