Колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылган жигиттин окуясы. Кан жуткан ата-эне: "Суроо көп, жооптор жок..."

Колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган Эсенбек Өмүрбек уулунун өлүмүнүн бети дагы деле ачыла элек. Бул жолу SUPER.KG порталы Кочкор районунун Кара-Тоо айылына барды. Ушул айылда маркум Эсенбек Өмүрбек уулу төрөлгөн. Ал ушул айылда 9-класска чейин окуп, андан аркы максат кыялдары менен Бишкекти көздөй жөнөгөн.

Каңырыгы түтөп, кан жутуп, уулунан айрылган ата-эненин күйүтү айтпасак да баарыңарга белгилүү.
Маркум баланын ата-энеси уулунун асынып турган сүрөтүн интернеттен кокустан көрүп калышкан. Көргөн көзүнө ишенбегенге аракет кылган эне-ата, акыры өлүкканага барып уулун таанышкан. Маркумдун атасы бул учурду төмөндөгүдөй эскерет.

"Күндө таң эрте туруп балам сүзүп алган жабырлануучуга тамак жасап, жеткирмей. Жубайым экөөбүз тамакты куюп алып чыгалы деп жатсак эле, телефонго уулумдун асынып турган абалдагы сүрөтү интернет аркылуу келип калды. Тамакты таштай салып эле өлүкканага жөнөдүк" деп эскерет Жумабаев.

Зар какшап, уулун жоготуп күйүттөн ыйлай берип жашы калбай калган эне, жүрөгүн бир канча суроолор эзип жатканын айтат.

"Балам жол кырсыгына кабылып, өзү нес абалда турган убакта тажрыйбалуу кызматкерлер уулумду ата-энесине өткөрүп бериши керек да. Алар телефон чалып да болсо бизге кабар бериши керек эле. Алардын айтымында, уулумду жол кырсыгынан кийин наркологияга, андан соң шаардагы №4 ооруканага алып барышкан экен. "Ооруканага балаңар бет кабы жок кире албай калып, сыртта бизди күтүп турмак болгон. Биз кайра чыксак, ал качып кетиптир" деп айтып жатышат. Менин баламдын душманы деле жок болчу. Ал өлчү бала эмес болчу. Биз жол кырсыгынан кийин 15 күн милиция, төлгөчү, оорукана дегенден башыбыз чыккан жок. Аягында шаардык жол кыймылынын кызматкери: бир экстрасенс бар. Ошого барып көргүлө. Ал буга чейин 50-60 кылмыштын бетин ачкан деп дареги, телефонунан бери берди. Биз чалып көрсөк азырынча иштебей жатканын айтты. Андан кийин телефонун алган жок. Анан эле баламдын сөөгү табылды", - деди Жылдыз Букарадинова.

Эсенбектин атасы уулунун жансыз денеси табылгандан бери 12 күн өтсө да, эч бир илинчек табыла электигине бушайман.

"Кимге кайрыларыбызды, кимге барарыбызды деле билбей калдык. Баары эле иштеп жатабыз дейт. Эмдигиче уулумдун өлүмү боюнча бир илинчек табыла элек. Милиция башында "суицид" деп айтып баштаган, андан кийин кандай версияларды карап жатышат билбейм. Азыр уулума куран окутуп келгендер көп болуп чыга албай жатам. Эки жагымды иреттеп алып, акыйкат издеп шаарга барам. Мен баламды өзү-өзүн өлтүрдү дегенге ишенбейм. Эми алдыда экспертизанын жыйынтыгы чыкса дагы көп нерселер белгилүү болот эле", - деди маркумдун атасы.

Азыр баштарынан оор абалды өткөрүп жаткан бул үй-бүлөдө шек жараткан бир канча суроо бар. Алардын бири жол кырсыгынан жаракат албаган баланы шаардагы 4-ооруканага эмнеге милиция кызматкерлери алып барганы сыр жаратып жатканын айтышат. Акыйкат издеген ата-эненин бирден бир тилеги, уулунун жүрөктүн үшүн алган өлүмүнүн бети ачылып, жок дегенде көксөөбүз толсо дейт.

Колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылган жигиттин ата-энесинин күйүтү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almazhhhh
2020-12-03 18:08:07
Бир кудай бир озу билет.Сабыр кылгыла.
+16
nurbek-1982
2020-12-03 23:23:33
Озу кантип сткоч менен байлап алсын колу бутун озу олду деген болсо
+13
bond02
2020-12-04 14:36:05
Кыргызстанда озу суроо талап коп, жооп жок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан