Айдоочунун буту сынып, жүргүнчү жаракат алды. Таласта 3 унаанын кагылышуусунда жол кырсыгы катталды

Таласта 3 унаанын кагылышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алып ооруканага жеткирилди. Автокырсык кечээ, 2-декабрда катталганын Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Талас районундагы "Айчүрөк" кафесинин жанында Ваз-2106 унаасы чыгыш тараптан батышты көздөй бара жатып каршы тилкедеги Форд-Транзит унаасы менен сүзүшкөн. Форд-Транзит унаасы менен катарлаш келе жаткан Тойота Виш үлгүсүндөгу унаа да кырсыкка кабылды.

Кырсыктын кесепетинен Ваз-2016 унаасынын айдоочусу, Бакай-Ата районунун 1991-жылы туулган А.М. аттуу тургунунун оң буту сынса, жанындагы 1996-жылы туулган М.Н. аттуу жүргүнчүсү жаракат алып аймактык ооруканага жеткирилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Almazhhhh
2020-12-03 18:10:19
Жердин баары жумуртка менен тукум го.
0
Baatirbek81
2020-12-03 22:11:37
Almazhhhh,тукум де))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан