Чүйдө милиция кызматкерине кол салууга шектелген жарандар кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда милиция кызматкерине кол салууга шектүүлөр кармалды. Шектүүлөргө карата "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"26-ноябрда жүргүзүлгөн рейд учурунда Ысык-Ата районундагы көзөмөл өткөрмө жыйынынын биринен Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки автоунааны документтерин текшерүү үчүн токтотушкан. Бирок айдоочулар Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн талабына баш ийбей качууга аракет кылышкан. Кызматкер аркасынан жетип токтоткон учурда, автоунаадагы адамдар кызматкерге каршылык көрсөтүп, ага күч колдонгон. Бул учурда кызматкер эскертүү иретинде табелдик куралынан абага ок чыгарган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 355-берене (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен катталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1997-жылы туулган М.М., 1998-жылы туулган С.И. жана 1988-жылы туулган С.Р. аттуу жарандар кармалып, тергөө абагына камакка алынышты", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан