"Күттүм ай" аттуу ыры менен таанылган ырчы Джонни сүйүктүүсү Айжан менен баш кошту. Шаарыбыздын тойканаларынын биринде белгиленген үйлөнүү үлпөт тойго түгөйлөрдү куттуктап 400дөй киши келди. Замамбап форматта уюштурулган эки жаштын тоюнда биз көнүп калган жар-жар ыры, тортту аукционго коюу деген жөрөлгөлөр болгон жок.
Тойдун өзгөчөлүгү деп эки жашка тапшырылган белектерди айтсак болот. Джоннинин бир туугандары кымбат баалуу унаа жана жер тилкесин белек кылса, тармактык маркетингдердин бири февраль айында Египетке 10 күнгө саякатка жолдомо ыйгарды. Ырчынын айтуусу боюнча, алар бал айын январь айында Анталияда өткөргөнү жатышат.
Ак тойдо бир гана түгөйлөргө эмес, келген конокторго да өзгөчө белектерди беришти. Комуз, китеп сыяктуу белектерди даярдашканын, байгелер берилип жатканда байкадык. Эки жаштын тоюна шоу-бизнес өкүлдөрү да конок болушту. Алардын айтуусунда, көптөн бери пандемияга байланыштуу тойлорго барбай, бүгүнкү жакшылыкка өзгөчө даярданып келишкен. Салтанат эстрада ырчыларынын жандуу үн менен аткаруусунда музыка, бий менен коштолду.