Бишкектин ЦУМ "Айчүрөк" соода борборунун жанында орун алган массалык урушка катышкандар кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 3-декабрга караган түнү саат 02:30 чамасында Бишкек ШИИББнын нөөмөт бөлүмүнө "ЦУМ соода борборунун жанында массалык мушташ болуп жатат" деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке кайгуул кызматынын экипаждары барышкан. Массалык мушташ токтотулуп, уруштун 15ке жакын катышуучусу кармалып, Свердлов РИИБине жеткирилди", - дешти мекемеден.