Казакстанда сабалган кыргыз футболунун тарбиялануучусу Эмил Кенжесариев ооруканадан чыкты

Казакстанда сабалган кыргыз футболунун тарбиялануучусу Эмил Кенжесариев ооруканадан чыкты. Бул тууралуу казакстандык басылмаларга футболчунун агасы Рустам Жаңыбаев билдирген. Эмил Кенжесариев Алматыда бир ай болуп, андан кийин дарыгерлердин кароосунан өтөт. Ошондой эле футболчуга Германияда операция жасалары айтылат. Эске салсак, Эмил Кенжесариев үстүбүздөгү жылдын 10-август күнү Алматыда белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып, эс-учун жоготкон абалда ооруканага түшкөн. Эмилди сабаган деп шектелип 20 жаштагы күзөтчү болуп иштеген Бейбит Узакбай кармалган.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан