Бишкекте мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү Инстаграм аркылуу белгисиз жаран белгисиз үлгүдөгү тапанча менен түз эфирге чыгып сүйлөп жаткандыгы тууралуу видео тараган.

Бул маалымат чыгары менен кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада мыйзамсыз курал алып жүргөн 1995-жылы туулган О.Н. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Тактоо учурунда бул видео ушул жылдын 1-декабрында болжол менен саат 23:50 чамасында Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүндө тартылганы белгилүү болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан