Бишкектин Свердлов районунда 3-декабрь күнү саат 17:40 чамасында Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйүнүн жанындагы кудукка славян улутундагы болжол менен 40-45 жаштагы эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жерине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, эркек кишини кудуктан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жарандын абалы канааттандырарлык.