Ар кандай кылмыштарды жасагандары үчүн эл аралык издөөдө жүргөн шектүүлөр Орусиядан кармалышты

Ар кандай кылмыштарды жасагандары үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жарандар Орусиядан кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар алдамчылык, башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, денеге оор залал келтирүү беренелери менен эл аралык издөөдө жүргөн шектүүлөр болгон.

Чүй облусунун 1992-жылы туулган Н.Т. аттуу жашоочусу ири өлчөмдө жасаган алдамчылык үчүн 2020-жылдын август айынан бери издөөдө жүргөн. Бул жаран 2017-жылы октябрь айында алдоо жолу менен Мерседес Даймлер-Крайслер S-500 үлгүсүндөгү унаасын камакка алганына карабастан соттун чечими жок сатып жиберип, изин жашырып качып кеткен.

Чүй облусунун 1989-жылы туулган М.А. аттуу жашоочусу 2019-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн.

Жалал-Абад облусунун 1993-жылы туулган Н.М. аттуу тургуну 2019-жылы издөөгө алынган. Ал 2019-жылы августта курч предмет менен Сузак районунун айылдарынын биринин жашоочусунун үйүнө кирип, 55, 25, 24 жана 26 жаштагы адамдардын денесине оор жаракаттарды келтирген. Алган жаракаттарынын натыйжасында жарандар аймактык ооруканага жаткарылган.

Баткен облусунун 1985-жылы туулган М.К. аттуу жашоочусуна 2019-жылдан бери эл аралык издөө жарыяланган.

Жалал-Абад облусунун 1974-жылы туулган жашоочусу Г.Ш. 2020-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Бул жаран 2015-жылы күзүндө алдоо жолу менен материалдык пайда табуу максатында Ж.Н. аттуу жарандын мүлкүн ээлеп алып, белгисиз тарапка из жашырып качып кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 810 миң сом болгон.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча издөө салган тарапка билдирүү жөнөтүлүп, изделип жаткан жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өз өлкөсүнө жөнөтүү маселелерин чечип жатканы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан