Өлкө боюнча 11 айда 2 миңден ашуун өрт кырсыгы катталып, андан 103 адам куткарылды

2020-жылдын 11 ай аралыгында республика боюнча 2 миң 425 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 33 пайызга азайган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымат үчүн, 2019-жылы 3 миң 664 өрт кырсыгы катталганы маалымдалат.

"Тилсиз жоонун себептери бул электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди убагында тазаланбагандык, балдардын от менен ойноосу, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандык болууда. Ал эми өрттүн басымдуулугу турак-жай секторунда катталган.

Статистиканы карасак, өрттүн кесепетинен 29 адам каза таап (2019-жылы 40 адам), 24 адам жабыркаган (2019-жылы 60). Тилсиз жоодон 103 адам куткарылып, 4 миллиард 779 миллион 511 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1 миң 571 өрт турак жай секторунда катталган", - деп жазылат маалыматта.

Өрттөрдүн саны:

  • Бишкек шаарында – 362;
  • Чүй облусунда - 648;
  • Ош облусунда - 331;
  • Жалал-Абад облусунда - 365;
  • Ысык-Көл облусунда - 251;
  • Нарын облусунда - 113;
  • Талас облусунда - 117;
  • Ош шаарында - 78;
  • Баткен облусунда 160 өрт катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан