Бишкекте аялдын 2 миң доллар акчасын опузалап тартып алган шектүү кармалды

Бишкекте опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
2020-жылдын 2-декабрында болжол менен саат 21:00 чамасында Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен, "акчамды опузалап алып кетишти" деген маалымат 102 кызматына келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Т.А. аттуу аялдын чала таанышы 2 миң доллардан ашык акчасын опузалап, талап кылып алып кеткендиги аныкталган. Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1987-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран кармалып, Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-12-04 18:24:11
Сүрөтүндө чалго?
Же дөөбү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан