Жакында эле өзүнүн автордук ырын казак ырчысы Ерке Есмаханга белекке берген Сайкал Садыбакасова тандоо туура болгонун айтат. Ал казак ырчысынын "Эркелей берем" аттуу чыгарманы аткарып чыкканына өз баасын берип, буларга токтолду.
"Ерке Есмахан ырды аткарып чыкканда туура тандоо болгонуна ынандым. Башында казак ырчысы ырымды сурап кайрылганда бир апта ойлонгом. Ал ырымды угармандарга жеткире аткара алат деген ишеничте, апам менен акылдашып, аткарып чыгуусуна макул болдум. Ерке Есмахан ырды жакшы аткарып чыкты, мага жакты.
Ырларым кыргыз тилинде гана эмес, башка мамлекеттин тилинде узакка жаңырышын каалайм", - дейт ал.
Буга чейин Сайкал Садыбакасова казак ырчысы Ерке Есмаханга өзүнүн "Эркелей берем" аттуу автордук ырын белекке бергенин, казак ырчысы аталган ырга дароо клип тарттырганы кабарланган.