Социалдык тармактарга кыз-келиндердин урушуп жаткан видеосу тарады. Андан бири экинчисин полго жаткырып алып "Шрек" деп айтканы үчүн урушуп, сөгүп жатканын көрүүгө болот. Бул учурду дагы бирөө видеого тартып, полдогу аялга бычак такаган.
Жогорудагы окуя ушул жылдын 17-августунда болгонун Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жабырлануучу Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургуну А.Б. болгон, ал укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, ооруканада дарыланып чыккан. Аны коркутканга шектелгендер Ош облусунун 26 жаштагы М.З. жана 23 жаштагы А.Н. аттуу тургундары.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Экспертизанын жыйынтыгы менен тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр камакка алынган. Алардын баш коргоо чарасы каралып, 26 жаштагы М.З. камакта калтырылып, анын шериги үй камагына чыгарылган. Кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген", - дешти басма сөз кызматынан.
Эскертүү, видеодо орунсуз жана сөгүнгөн сөздөр бар!