Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкери пара берүү фактысы боюнча кармалды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкери пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"27-ноябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерине 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын накталай түрүндө пара берип жаткан жеринен Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Р.Б. кармалды. Ал УКМКнын кызматкерине Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аз камсыз болгон жашоочуларына социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн документтерди каттоосун текшерүү учурунда мыйзам бузууларды оң жагына чечүүсү үчүн акча каражатын берген.

Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolik555
2020-12-05 16:37:49
Ушундай кылып эл учун,Алланын ыраазычылыгы учун иштеп,коррупционерлерди тазалап бергиле.
0
Baatirbek81
2020-12-05 22:22:06
Кармап бүт эле киргизип жатасыңар деги кут кирип жатабы отчетун айткан киши жокко!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан