Ырчы Асел Кадырбекова парик (кийме чач) кийип жүрөрүн ачыктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.
Анда ырчы окурмандарына кайрылып, баракчасындагы кандай билдирүүлөр кызыгуу жаратарын сураган. Ошондой эле ал күйөрмандарынан көп берилип жаткан соболдордун бирине жооп калтырган.
"Бул парик да" деп 100 жолу жазгандарга... Ооба, парик! Менин башыма операция жасалган. Чачымды кырдыргам. Эми чачымдын өсүшүн күтүп жатам. Бул чачтар ыңгайлуу, ансыз мен өзүмдү жаман сезээримди билип, жолдошум мага ушундай белек жасады. Мен бул нерсени жашырган эмесмин!", - деп айтылат билдирүүдө.
Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылганына 6 айга жакын убакыт болду. Окуянын чоо-жайы:
26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.
Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган.