Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн Ташкент эл аралык марафонунда Кыргыз өлкөсүнүн жеңил атлетчиси Мария Коробицкая "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына лицензия утту.
Мария Коробицкая классикалык аралыктагы 42 чакырымды 2 саат 26 мүнөт 42 секундда чуркап өтүп (олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунд) алтын медалга ээ болду.
Муну менен Мария Коробицкая "Токио-2020" олимпиадасына лицензия уткан алтынчы спортчу болуп калды. Буга чейин лицензияларды Дария Маслова, Юлия Андреева (жеңил атлетика), Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков (күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү) утуп алышкан.