Сейфтен 3 жарым миллион сомду алып, качып кетишкен. Бишкекте тоноочулукка шектелген жаран кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-июлунда, болжол менен саат 05:30 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Нарвская көчөсүндөгү турак үйдөгү тоноо фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Анда ошол күнү болжол менен таңкы саат 04:00 чамасында кара кийимчен белгисиз адамдар эшиктин кулпусун талкалап, үйгө киришкен. Алар үй ээлери Д.Б. жана Л.Фны лента жана электр зымдары менен байлап, сейфте турган 3 миллион 500 миң сом өлчөмүндөгү каражаттарды алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип, буга чейин бир катар тоноо иштери менен соттолгон, 1991-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына жеткирилген.

Кармалган жарандын жашаган жеринен ок атуучу курал, "ПМ" маркасындагы тапанча, журнал, 48 даана ок-дары, "Стербетс" жана "Кизляр" үлгүсүндөгү үч бычак, патрондор табылган. Алынган буюмдарга баллистикалык жана трасслогиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2020-12-07 12:39:23
Мамлекеттен миллиард сомдорду уурдагандар кармалбайт дагы, пешкалар кармалат, өлкөдөгү чимкириктерди атып салыш керек өзү.
+2
Belek1710
2020-12-07 14:29:13
nazarnew,3,5млн акча эмеспи, бирөөнүн маңдай тери менен тапкан акчасын уурдап кетсе, жазасын алсын канчасын сыздатып кеткен болсо керек. Кайталанган кылмыш болсо атып эле ташташ керек оңолбойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан